"Ата Журтчу" депутаттарды бошотуу талабы менен митингчилер бүгүн кайра чогулушту
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу, "Кумтөр" кенин улутташтыруу талабы менен кечээ, 12-ноябрда Ак үйдүн алдына чыккан митингчилер бүгүн кайрадан чогулушту. Чогулгандардын айтымында, алардын талабы аткарылмайынча митингге чыкканын токтотушпайт. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында жогоруда аталган депутаттар административдик эрежелерди бузуп, бийликти басып алууга аракет кылышкан деген айып менен укук коргоо органдары тарабынан кармалган.