Алмазбек Атамбаев "Датка-Кемин" электр линиясы үчүн Кытайга ыраазычылык билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев 22-майда Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту.

Кыргыз-кытай кызматташтыгынын жакшы үлгүсү катары өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздаган "Датка-Кемин" электр линиясынын курулушун белгилеген президент: "Кыргыз мамлекети менен Кытай эң туруктуу коңшулар экенин мен бир канча жолу айтканмын. Кыргыз өлкөсүнө да, Кытайга да эки өлкөнүн туруктуу гүлдөп-өнүгүшү керек. Кыргыз Республикасынын бир дагы өтүнүчү көңүл сыртында калбай, дайыма түшүнүү менен кабыл алынып келе жатканын мен дайыма айтып жүрөм. Биз Кытайдын колдоосун ар дайым алып жатабыз, бул үчүн төрага Си Цзиньпинге ыраазыбыз”, - деди.

Кытайдын тышкы иштер министри: "Датка-Кемин" долбоору кыргыз өлкөсүнүн чыныгы улуттук кызыкчылыктарынан болуп саналат, ошондуктан башынан эле бул долбоор сиз тараптан көңүл борборунда турганы бекеринен эмес. Бул долбоор – биздин кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири. Анын аякташы биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык эки тарапка тең пайдалуу жана өтө натыйжалуу болуп саналарын көргөздү”, - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан