Уфа шаарында өтүүчү эл аралык сынакка ырчылар Адилет Азимов, Мыктыбек Нурланбеков катышат

"Сүйүү күчү", "Кудай берсе" деген ырлардын аткаруучусу Адилет Азимов 26-майда Башкортостандын Уфа шаарында өтчү "Урал моңо-2016" Эл аралык музыкалык сынагына катышат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди. "Сынак 26-майда башталып, үч күнгө созулат. Кыргыз өлкөсүнөн Мыктыбек Нурланбеков аттуу ырчы жигит экөөбүз катышабыз. Учурда сынакка карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Мен сынакта "Күлгүн жаш" чыгармасын аткарам. Дагы эки чыгарма жаздырдым. Бүгүнкү даярдык учурунда кайсы ырды ырдап чыгарым аныкталат. Буюрса, жеңиш менен кайтып келүү үчүн болгон аракетимди жумшайм", - дейт ырчы жигит.

Кошумчалай кетсек, Айчүрөк Иманалиева бул жылы да аталган фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү болот. Аталган сынак 1991-жылы негизделип, төрт жылдан кийин "эл аралык" макамына ээ болгон. Сынак эки жылда бир жолу өтөт. 2014-жылы болгон сынакта кыргыз өлкөсүнөн барган белгилүү эстрада ырчысы Курал Чокоев 1-орунга ээ болсо, опера ырчысы Айбек Саралаев 2-орунду багындырган.

Фестиваль-сынак түрк элдеринин улуттук музыкасын пропагандалоо, улуттук каада-салт менен тааныштыруу, маданий алакаларды бекемдөө максатын көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sladkaja
2016-05-23 18:03:13
Ушу Адилет деги жакпайт да, ХХХ ХХХ ХХХ, ХХХ айт анан да, кайсыга десен, кокус женип калса асмандан тушпой калса керек эми)))
+2
admin_portal
2016-05-23 18:16:06
sladkaja, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан