Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги "Келечек жаштары" коомдук фонду менен биргеликте, өлкөдөгү ЖОЖдордун студенттери арасында улууну урматтоо, үй-бүлөнү аздектөө, ата-энени сүйүүнү күчөтүүгө багытталган “Ата-энем – ырысым, ата-энем –бакытым” аттуу сынак уюштурууда. 23-24-апрель күндөрү сынактын мыктыларын тандоо иш-чарасы өтүп, 29-апрель күнү алдынкы орундарды ээлеген студенттерге салтанаттуу түрдө сыйлыктар ыйгарылат. “Ата-энем – ырысым, ата-энем – бакытым” сынагы төмөнкү багытта өтөт: “Эң мыкты сахналаштырылган көрүнүш”, “Эң мыкты видеоролик”, “Эң мыкты фото сүрөт”, “Автордук монолог”, “Ата-энеге арналган автордук ыр” жана “Дил баян”. Сынакка кабыл алуу 22-апрелге чейин уланат.