КҮНСЕРЕП: Кыргыз Республикасы - Борбор Азияда демократия жолун тандаган жалгыз өлкө

Бүгүн, 23-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери бийликти биротоло басып алуу аракетинде. Эми Эмомали Рахмон кааласа өмүрүнүн аягына чейин президенттикке талапкер катары катыша алат. 2015-жылдын декабрь айында Эмомали Рахмонду улуттун лидери деп тааныган мыйзам күчүнө кирген. Ал эми өткөн жекшемби күнү, 22-майда Тажикстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өттү. Референдумда тажик эли улуттун лидерине каалаганча президенттик шайлоого талапкер катары катышууга жол ачып берди. Бул кадам менен президент Эмомали Рахмондун бийлиги ишенимдүү түрдө бекемделди. Эң башкысы - анын өлкө башчылыгында түбөлүк калуусуна мүмкүнчүлүк түзүлсө, 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалинин 2020-жылы өтүүчү президенттик шайлоого талапкер болуп чыгышына жол ачылды. Мурда президенттикке талапкер 35 жаштан жогору болушу керек болсо, өзгөртүүдөн кийин 30 жаштан катышса болот деген норма кирди.

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1994-жылдан бери жетектеп келет. Жашы улгайып баратканда уулу Рустам Эмомалинин мураскер болушуна, бийликти колдон чыгарбай кармап калууга жакшы шарт түздү. 29 жаштагы Рустам Эмомали учурда Тажикстандын Мамлекеттик каржыны көзөмөлдөө жана коррупция менен күрөшүү агенттигин жетектейт. Тажик президентинин кызы Озода Рахмон болсо үстүбүздөгү жылдын башында президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган.

Казакстан менен Өзбекстанда да 20 жылдан ашык убакыттан бери бийлик бир адамдын колунда.

2002-жылдагы Аксы, 2005-жылдагы Март, 2010-жылдагы Апрель окуялары болбогондо Кыргыз Республикасы дагы ушул кейипте болмок. Азырынча Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы авторитардык-кландык башкаруудан баш тартып, демократия жолун беттеп бараткан жалгыз өлкө. Анын талуу жери да, күчтүү тарабы да ушунда...

Парламенттин Бюджет жана финансы комитети “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо ыкмасын киргизүүнү сунуштап жатышат. Муну менен жергиликтүү бийликти коррупцияланган, кылмыштуу жетекчилерден тазаласа болот деген жүйө айтышууда. Мыйзам кабыл алынып калса, айыл өкмөт башчысын айылдык кеңештин депутаттары эмес, айыл эли шайлайт. Элде талапкердин программасын суроого, мурдагы-кийинки иштеринен улам жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Депутаттар бул маселеге өкмөттүн жообун уккандан кийин кайра кайрылуу чечимине келишти.

Жогорку Кеңештин V чакырылышында Бишкек жана Ош шаарларынын макамы тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда мэрлерди түз шайлоо сунушу айтылып, бирок колдоо тапкан эмес. 5-чакырылыштын депутаттары Ош менен Бишкектин башчыларын түз шайлоого коом даяр эмес деп чечишкен. Ошентип, мэрди кандай маселелер бар экендигин жатка билген жергиликтүү тургундар эмес, шаардык кеңештин депутаттары шайлап калышкан. Албетте, шаардык кеңеште шаардыктардын көйгөйлөрү эмес, фракциялардын, башкаруучу коалициянын кызыкчылыктары биринчи орунга коюлат...

Өлкөдө 26-27-майда Акыркы коңгуроого байланышкан салтанаттарда коомдук тартипти 3500дөй милиция кызматкери көзөмөлдөй турганын ИИМ билдирди. Бул күндөрү окуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик райондук, аймактык ички иштер органдарынын жетекчилерине жүктөлдү. Милиция кызматы жашы жете электерге саат 23:00дөн 06:00гө чейин чоңдордун коштоосусуз көчөдө жүрүүсүнө тыюу салынарын да эскертүүдө.

Мектептердеги бүтүрүү кечелерине карата өкмөт жыл сайын кайсы бир буйруктарды, токтомдорду чыгарып, окуучулар катышкан кырсыктарды болтурбоого аракет кылат. Бирок бул токтом-буйруктар жардам бербей келет. Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрү түшкөн кортеждердин жол эрежелерин бузуусу, ичимдиктен улам мушташтар, өмүрлөрдү алып кеткен жол кырсыктары катталат. Билим берүү жана илим министрлиги быйыл окуучулардын бүтүрүү кечелерин мектептин аймагында, ата-эне жана мугалимдердин коштоосунда өткөрүүгө уруксат берди. Бул күнү окуучулардан акча чогултуу же майрамды кафе-ресторандарда белгилөө катталса, мектеп жетекчилиги жоопко тартылары эскертилди.

2015-жылдын июнунда Ала-Бука районунда бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан 9 окуучу автокырсыкка учурап, 3 окуучу жана 1 оператор каза тапкан. Алар автоунаа менен айылдан район борборуна келе жатканда кырсыкка кабылышкан. Окуядан кийин ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага эскертүү, анын орун басары Токтобүбү Ашымбаева менен Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуевге сөгүш берген.

Чектөөлөр бекеринен коюлбайт. Бир күндүк көңүл ачуунун айынан түрдүү кырсыктардын орун алышына, жаш өмүрлөрдүн кыйылышына жол берилбеши керек. Тийиштүү органдар талаптарды айтуу менен гана чектелбей, алардын аткарылышын катуу көзөмөлдөшү шарт. Жаштардын жакшы майрамын жоюп жиберүүнү каалаган эч ким жок, болгону анын тынч өтүшү баарынан маанилүү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан