Парламенттин 26-майдагы жыйынында өспүрүмдөр арасындагы суицид маселеси каралууда. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева балдардын арасында өз жанын кыюу фактыларынын алдын алуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашып жана даярдалып жатканына токтолду.
“Зомбулуксуз мектеп” долбоору бардык мектептерге сунушталып, республика боюнча 58 мектепке пилоттук долбоор катары киргизилген. Мындан тышкары “Дени сак жашоо” программасы да окуу программасына киргизүү пландалган. Үй-бүлө баалуулуктары боюнча бир катар
теледолбоорлор ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө “Эне жана баланы коргоо” боюнча комплекстүү долбоор даярдалып жатат. Анын негизинде үй-бүлө институтуна мамлекеттик колдоо чаралары пландаштырылууда", - деди вице-премьер.
Өкмөт мүчөлөрү окуучулардын суицидге барышына көбүнчө ата-энелер менен болгон пикир келишпестиктер себеп болорун айтышты.