Ырчы мырзалар Алишер Тоотаев, Эрнест Бөрүбаев, Талант Кадыров жана Сапар Эркебаевден түзүлгөн квартеттин “Кубулжуй бергин ырларым” аттуу ыры жарыкка чыкты. Ырдын сөзү Сапарбек Медербековго, обону Абидин Темировго таандык. “Төртөөбүз той, концерттерде көбүнчө чогуу болуп калабыз. Ошондо элге күлкү менен шаң тартуулайлы деген максатта эски ырды кайрадан жаңыртып ырдап чыктык”,- дейт Тоотаев.