Парламентте "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы талкууланууда

Парламенттин 26-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы талкууланып жатат.

Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиеванын билдиришинче, “КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын жана президенттин жарлыгын аткаруу жаатында 2020-жылга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүү иш-чаралары бекитилген. Буга 493 миллион 600 миң сом каралган. Иш-чаранын алкагында кыргыз тилин билүүсүн аныктоо максатында “Кыргызтест баалоо” системи ишке киргизилип, министрликтер менен мекемелердин кызматкерлери компьютердик тесттен 900дөй кызматкер өткөнү айтылды. Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү курстары уюштурулган. Билим берүү жана илим министрлигинде окуучулардын билимин баалоочу электрондук тесттер иштелип чыгып, ишке берилди.

Депутаттардын көбү мыйзамдын көптөгөн беренелери аткарылбай жатканын, кыргыз тилин өнүктүрүү иштери жыйынтык бербей жатканын айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан