Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Манас" эпосунун 4 сабынын маанисин түшүндүрө албаган билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өзүнүн жаңылыштыгы тууралуу жооп берди.
"Балким, мен эпосту чечмелеп берүүгө кичине экзамен бере албай калдым окшойт (актануунун кереги жок деп ойлойм), бирок эгерде Билим берүү жана илим министрлигине тилчи министр, Маданият министрлигине - ырчы, Мамлекеттик спорт агенттигине спортчу министр керек болсо, анда "жаш башкаруучулар" жана "менеджерлердин толкуну" дегенди токтотолу..." - деп жазды Фейсбуктагы баракчасына Сариева.
Айта кетсек, бүгүн депутат Садык Шер-Нияз эпостогу "Коломсокко кол салып,/ Колуна тартып ок чалып,/ Киричине чалганча,/ Коюп Манас кеткени..." деген саптарын түшүндүрүп берүүнү суранган. Э.Сариева буга жооп бере алган эмес.