Ырчы Алишер Тоотаевдин “Айтчы дос” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү, обону аткаруучунун өзүнө таандык. “Бул ыр досторго суроо иретинде чыгарылган. Анан да май айынын аягында мектеп бүтүрүүчүлөрү жолугушуп, пикир алышат эмеспи. Ошол убакта ушул ыр ырдалса эң ыңгайлуу болот деп ойлойм. Негизинен досторго арналган чыгарма”,- дейт ырчы мырза.