КҮНСЕРЕП: Чиновниктердин бассейнге сүзүүсүнө табылган акча балдардын өмүрүн коргоого табылбайт

Бүгүн, 26-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү демилгеси Жогорку Кеңеште 1-окууда колдоо тапты. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелегендер: КСДП фракциясынын депутаттары Искендер Матраимов, Узарбек Жылкыбаев жана Гүлкан Молдобекова.

Иштеп жаткан мыйзамда “өкмөт мүчөсү өз милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан пикири үчүн куугунтуктоого дуушар болушу мүмкүн эмес” деген норма бар. Сунушталган долбоордо “бул кепилдик өкмөттүн мүчөсү белгиленген тартипте кабыл алынган өкмөт чечимдерин аткарбаган же өкмөт чечимдерине коом алдында макул эместигин билдирген учурларга колдонулбайт” деп толукталууда. Мындай шартта өкмөт башчы тарабынан министрлер кабинетин башкаруу жеңил болот.

Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча өкмөт мүчөсүнүн антты жана мыйзам нормаларын бузуусу ага карата чара көрүүгө, кызматтан бошотууга негиз болот. Сунушталып жаткан долбоор боюнча "тиешелүү мамлекеттик орган антты бузду же мыйзам нормаларын бузду деп корутунду чыгарса, өкмөт мүчөсүнө дисциплинардык чара көрүүгө же кызматтан алууга негиз болот" деп оңдолууда.

Колдонуудагы мыйзамда өкмөттүн мүчөсү премьер-министрдин сунуштамасы менен президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат деп 10 пункт мисал келтирилген. Демилгечилер “ишенимди кетирген аракет же тийиштүү аракеттерди көрбөгөндө” деген 11-пунктту кошуп жатышат.

Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү керектигин президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өз ишин баштаганда айткан эле. Өлкө башчысы: “Өткөн беш жылда эл парламенттик башкаруу өлкөбүзгө туура келерине ынанды. Иш жүзүндө биз дагы эле бир бутубуз менен парламенттик, экинчи бутубуз менен президенттик башкарууда турабыз. Бара-бара Европа өлкөлөрүндөй эле толук парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура болчудай”, - деген.

Өкмөт башчы толук кандуу иштеши, жыйынтык чыгарышы үчүн анын ыйгарым-укуктарын кеңейтүү керектигин буга чейин өкмөттү жетектеген Өмүрбек Бабанов да айтып келген. “Ата Мекенден” сунушталган талапкер да өкмөттү жетектеп көрдү. Өз жон терилери менен сезип көргөндөн улам дагы бүгүн сунушталган долбоор парламент тарабынан 1-окууда колдоо тапты. Алмазбек Атамбаев 2017-жылы кийинки президентке кызматты өткөрүп берет. Ошондуктан өкмөт башчынын бийлигин күчөтүүнү КСДП фракциясынын өкүлдөрү сунуштап чыкканы дароо сынчылардын көңүлүн бурду. “Башкаруучу партия бийликти премьер аркылуу сактап калууну көздөп жатабы?” Талкуулар ушул суроонун тегерегинде жүрүүдө. Бирок мындай кооптонууну кыргыз өлкөсүндө атаандаштык аркылуу мыйзамдуу бийликке келүүгө түзүлгөн шарттар азайтат. Алмазбек Атамбаев шайлоо системиндеги реформаны аягына чыгарып кетет деп күтүүгө болот.

Жогорку Кеңеш өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери боюнча өкмөттүн маалыматы укту. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баштаган министрлер депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасында 2014-жылы 106 өспүрүм өз өмүрүн кыйса, 2015-жылы 96 өспүрүм суицидге барган. Ал эми 2016-жылдын 5 айында 49 өспүрүм өз өмүрүн кыйган. Статистикалык маалыматтар, балдарды өз өмүрүнө кол салууга түрткөн жагдайлар, аларды чечүү жолдору айтылды... “Маалыматты угуп эле кала беребизби, жок дегенде 1-2 сунуш берип койбойлубу?” деген депутаттарга спикер Чыныбай Турсунбеков жыйындын форматы “өкмөттүк саат, мында парламент сунуш бере албайт” деп жооп узатып теманы жапты.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйышына көбүнчөсү ата-энеси менен болгон уруш, мектеп рэкетчилиги жана балдардын ата-эненин кароосунан тыш калышы себеп болуп жатканын айтат. Көйгөйдү чечүү боюнча тийиштүү министрликтерде так, даана программа жок экени белгилүү болду. Адаттагыдай “түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек” деген жалпы жооп айтылды...

Казакстанда 2014-жылы өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу максатында атайын Онлайн-колдоо борбору ачылган. Борбордун психологдору өспүрүмдөргө бекер консультация беришет. Жардамга муктаждар интернет аркылуу адистер менен акысыз байланышып, көңүлүндө болуп жаткан абалды айтып, жеңилдеп, кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жогорку Кеңештин депутаттары өспүрүмдөр менен иштешүү үчүн мектептерге психолог алууну, жаштарды суицидге үндөгөн сайттарды жабууну сунушташты. Бирок жаңы кызматкерлердин айлыгын төлөөгө 185 миллион сом керектелери айтылды. Бюджеттин абалы белгилүү, акча тартыш. Буга карабай Каржы министрлиги өзүнүн кызматкерлери үчүн 230 миң сомго сууда сүзүү кызматын сатып алууга тендер жарыялап, коомчулуктагы катуу сындардан кийин токтогону көпчүлүктүн эсинде. Чиновниктер, депутаттар чет өлкөлөргө жыйынтыксыз сапарларын азайтышса, балким, балдардын өлүмүн азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөр эле...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан