Ырчы Алишер Тоотаевдин “Ысык-Көл” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Алыкул Осмоновго жана Бек Борбиевге, обону Бек Борбиевге таандык. “Негизинен бул лирикалуу ыр. Анда сүйгөн кызы менен бирге Ысык-Көлгө барган жигит тууралуу айтылат. Ал эми тексттин ичине А.Осмоновдун “Ысык-Көл” аттуу ырындагы саптар кошулган”,- дейт ырчы. Айта кетсек, бул ырдын клиби жакында чыгат.