Өкмөттө 26-майда Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгын ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Тарых жана маданият жылынын алкагында салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү менен гана чектелбей, маданий-тарыхый окуялар белгиленип жаткан аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу керектигин айтты.
Быйыл Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, 1916-жылкы окуялардын 100 жылдыгы жана башка окуялар белгиленет. Буга республикалык бюджеттен 94 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.