Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын жыйынында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү каралууда.
Жыйын жүрүшүндө депутат Мыктыбек Абдылдаев аталган фонд толук кандуу иштебей жатканын айтып, өкмөттү сынга алды. "Биздин өкмөт бала бакчадай, тартип деген түшүнүк жок. Мисалы, Орусиянын президенти Крым менен Краснодар крайын бириктирген көпүрөнүн курулушу менен таанышып жатканда жооптуу адамдарга "эгер көпүрө өз убагында салынып бүтпөсө, башыңарды жулам" деп айткан эле. Чынында эле жулуп жатат. Биз демократия менен ойной бербей, тартипти ойлонушубуз керек", - деди депутат.
"Дагы бир мисал: биздин жолдор. Бишкектеги Эркиндик бульварында жолдор өтө оор абалда. Эгер борбор калаада ушундай жол болсо, аймактарды айтпай эле коёюн. Жаңы өкмөт башчы дагы жолдор тууралуу эмес, дааратканалар боюнча маселени көтөрүп жатат. Кандай гана өкмөт келбесин, акчаны туура, пайдалуу жумшоону ойлонушу керек", - деди Абдылдаев.