Депутат Айнуру Алтыбаева нике тууралуу мыйзам долбооруна "каршы" деген добуш техникалык себептерден улам коюлуп калганын айтты

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Айнуру Алтыбаева өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбооруна макул экенин SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ техникалык себептер менен туура эмес добуш берилип калды. Мен башынан эле бул мыйзам долбоорун колдогом. Бардык депутаттарды колдоого үгүттөгөм. Техникалык себептерден улам туура эмес добуш берилип калганы боюнча парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине кат жолдодум. Мыйзам долбоорун кайра добуш берүүгө коюуну сурандым. Эми комитеттин чечимин күтөбүз. Катымды эске алып добушка кайрадан коёт деп ишенем", - деди Алтыбаева.

Айта кетсек, кечээ, 26-майда Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун четке кагышкан. Бул долбоорго 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан