Депутат Дастан Бекешев ЖКнын жыйынына катышпаган депутаттардын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну сунуштап жатат. Мындай пикирди эл өкүлү мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмышка каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.
"Депутаттар жыйындарга катышпай, ээн-эркин жүргөндүгү үчүн кворум чогулбай, жыйындар үзгүлтүккө учурап жатат. Депутат болгондон кийин мыйзам долбоорду кабыл алууга жана парламенттин иштерине активдүү катышышы керек. Эгер мындай нерсе кайталана берсе, аргасыздан алардын аттарын ачыкка чыгарууга туура келет",- деди Дастан Бекешев ЖКнын бүгүнкү жыйынында.