Президент селден жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн Кадамжайга өз кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жөнөттү

Президент Алмазбек Атамбаев 27-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү өкмөткө тапшырды. Мамлекет башчы кырсыктын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүүнү буюрду.

Президент жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн Кадамжай районуна өзүнүн кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жиберди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан