Бишкекте "Мода жумалыгы-2013" аттуу кийимдердин көргөзмөсү башталды

"Мода жумалыгы-2013" аттуу кийимдердин көргөзмөсү 2-апрелде Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында башталды. Мында уздар Мадина Тапаеванын “Комедия”, Татьяна Воратникованын “Байчечекей”, Айдай Асангулованын “Каттама”, Галина Байкованын “Thank you” жана Зухра Мукамбетованын “Адета менен Адеми” аталыштагы коллекциялары тартууланды. Көрүүчүлөрдүн алдынкы катарында Жогорку Кеңештин айым депутаттары да отурду. Айта кетсек, бүгүн, 3-апрелде жаш уздардын сынагы башталмакчы. Ал эми 6-7-апрель күндөрү жумалыктын алкагында эң мыкты деп табылган кийимдердин көргөзмөсү орун алат. Уздардын өнөрлөрүн Орусиядан келген калыстар тобу баалашат.

 

«Жаз-2013» мода жумалыгы башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Merin
2013-04-06 10:18:10
а почему маленькая девочка босиком вышла?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан