Ички иштер министри Мелис Турганбаев ээлеген кызматынан өзү жазган арыздын негизинде бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ички иштер министринин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызына 30-майда президент Алмазбек Атамбаев кол койгондугу тууралуу маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Мындан башка комментарий бере албайбыз", - деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, бүгүн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин сунушу менен ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу кызматына буга чейин Бишкек ШИИББинин башчысы болуп иштеп келген Кашкар Жунушалиевди дайындаган.