Депутат ата-энелерди 18 жаштан 24 жашка чейинки студент балдарын багууга милдеттендиргени жатат

Ата-энелер 18 жаштан 24 жашка чейинки студент балдарын багууга милдеттендирилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров демилгеледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө көп учурда бала 18 жашка чыкса да, ал ата-энесинен каржылоо жагынан көз каранды бойдон кала берет.

"Бала жогорку окуу жайына тапшырганда, ал акчага муктаж болот. Ошондуктан ата-эне жашына жеткен студент баласына окуусун аяктаганга чейин алимент төлөөгө милдеттүү болуш керек. Мыйзам долбооруна ылайык, сот ата-энени 18 жаштан 24 жашка чейинки студент баласына алимент төлөтүүгө милдеттендирүүгө укуктуу. Эгер ата-эне соттун чечимин аткарбай койсо, алардын сүрөттөрү жана алар тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин расмий интернет-сайтында жайгаштырылмакчы", - деди Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан