Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Бел-Алма" көмүр кенинде болгон кырдаалга Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда маалымат жыйынында аталган кенде иш жүргүзгөн "Беш-Арча" ишканасынын директору Уланбек Мамытов билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү айрым массалык маалымат каражаттарында "Бел-Алма" кенинин айланасында коррупциялык схемалар бар" деген бир тараптуу, далилсиз макалалар чыгууда. "Биз аталган кенде иш жүргүзүүгө сынакты утуп алганбыз. Эч кандай чиновниктин тиешеси жок. Компания өлкөнүн бюджетине 1 миллион доллар төлөп берди. Мындан тышкары биз Майдан айыл өкмөтүнүн тургундарына жалпысынан 20 миң доллар көлөмүндө социалдык жардам көрсөттүк. Быйыл бала бакчаны курууга, жолдорду оңдоого жана башка социалдык программаларды ишке ашырууга 100 миң доллар бөлүнмөкчү. Компанияда 2 миң кызматкер иштейт, алардын 90 пайызы - жергиликтүү тургундар",- деди Мамытов.