Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин милициянын полковниги Самат Курманкулов убактылуу аркалайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы кызматтан кеткенде, устав боюнча, анын милдетин биринчи орун басары аткарат. С.Курманкулов биринчи орун басары катары 2015-жылдын апрель айынан тарта иштеп келген.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкек шаардык милициясын Кашкар Жунушалиев жетектеп келген. Ички иштер министри Мелис Турганбаев кызматтан кеткен соң Жунушалиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.