Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын тар курамындагы жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-майда Казакстан Республикасына бир күндүк иш сапарынын алкагында Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын Астанада өтүп жаткан жыйынына катышууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

"Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчылары менен чогуу сүрөткө түшүү аземине катышты. Андан кийин мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын тар курамындагы жыйынына катышты, анда уюмдун азыркы ишмердигинин ар кандай маселелери талкууланды. Тар курамдагы жыйындан кийин мамлекет башчылары кеңири курамда ишин улантат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан