Ырчы Каныкейдин "Неге сен?" аттуу ыры жарыкка чыкты. Ырдын сөзү, обону аткаруучунун өзүнө таандык.
"Бул ырды 2006-2007-жылдары эле жазгам, ырдап чыгууга эми убакыт келди окшойт. Негизинен, жаштарга арналып жазылган. Учурда көпчүлүк жаштардын көзүнөн жылуулукту көрө албайбыз. А менин ырым дал ушул мезгилде жаштарга дем-күч бере алат деген үмүттөмүн",- дейт Каныкей.