2013-жылды "Манас жылы" деп жарыялоо сунушталды

ЖКнын депутаттары 2013-жылды "Манас жылы" деп жарыялоо сунушун көтөрүүдө. Мындай демилгени алгач "Манас эл" коому көтөрүп, парламентке кайрылуу жолдошкон. Маселени талкууга алган депутаттардын бири Каныбек Иманалиев мындай демилгени колдоого алуу зарылдыгын, бирок "Манас жылын" 2015-жылы жогорку деңгээлде белгилөө максатка ылайык болорун билдирди. “1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы өткөн. 2015-жылды "Манас жылы" деп жарыялоо менен шарттуу түрдө эпостун 1020 жылдыгын өткөрүү логикага ылайык болот. 2013-жылдан баштап КРнын Президенти башында турган комиссия түзүп, Манас идеологиясынын программасын иштеп чыгып, ар тараптан даярдык көрүп, 2015-жылды “Манас жылы” деп, тиешелүү иш-чараларды өткөрүү максатка ылайыктуу” дейт Иманалиев. “Манас эл” коомунун төрагасы Асан Жакшылыков депутаттарга ыраазычылык билдирип, "быйыл "Манас" эпосун ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине каттатып алсак, 2013-жылды "Манас жылы" деп атоо төп келер эле" деди. Талкуунун соңунда депутат Каныбек Иманалиевдин мамлекеттик комиссия түзүп, Манас идеологиясынын программасын иштеп чыгуу сунушу менен "Манас эл” коомунун кайрылуусу президентке жана өкмөткө жолдонду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан