Бишкекте 35 түгөй үйлөнүү тоюн белгилеп жатат

Ушул маалда Бишкек шаарында 35 сүйүшкөн түгөй үйлөнүү тоюн өткөрүп жатат. Массалык үйлөнүү той "Ала-Тоо" аянтында башталып, андан кийин жаш жубайлар Борбордук мечитте нике кыйдырышты. Ал жерден Бакыт үйүн көздөй бет алышкан жубайлар мыйзамдуу нике күбөлүгүн алышып, азыр Өчпөс отту көздөй барышат. Андан соң Сүйүү паркына барышып, кечинде шаардагы ресторандардын биринде массалык үлпөт той белгиленмекчи. Эске салсак, аталган иш-чара Жаштар министрлиги тарабынан 10-ноябрь - Жаштар күнүнө карата уюштурулуп, эл аралык донорлордун жардамы менен акысыз өткөрүлүүдө. Массалык үйлөнүү тойдон фото жана видеорепортажды биздин сайттан көрө аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан