Жалал-Абад. Шаардык автобекетте баңгизат сатып жаткан жеринен Токтогулдун кулуну колго түштү

2012-жылдын 10-ноябрь күнү саат 23:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан борбордук автобекеттин жанынан 33 жаштагы М.А. кармалган. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Аида Зулппукарова кабарлады. Токтогул районунун тургуну 25 даана ширенкенин кутучасына салынган болжол менен 500 грамм гашиш баңгизатын 25 миң сомго сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Ал эми 12-ноябрь күнү ушул эле райондун 46 жаштагы тургуну М.Э. шектүү катары кармалып, өздүк тинтүү жүргүзгөндө кийип жүргөн шымынын оң чөнтөгүнөн болжол менен 10 грамм гашиш баңгизатына окшош өзгөчө жыты бар зат табылган. Учурда бул окуянын негизинде тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы маалым болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан