Камакта отурган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдогон митингчилер Ак үйдү айланып жөө жүрүш жасашууда. Алар дале болсо аталган 3 депутатты бошотуу талабын коюшууда. Тактап айтканда, камалаган 3 депутатты бошотуу, жаңы Конституция кабыл алуу, парламентти таратып, жаңыдан шайлоо өткөрүү, кен-байлыктарды улутташтыруу талаптары айтылууда.