Кыргызстанда 2012-жылы ичеги оорусу (кишечная инфекция) менен ооругандардын саны 21,3%га көбөйгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Былтыр бул оору менен ооругандардын саны өлкө боюнча 25 665ти түзсө, бул жылы алардын саны 31 145ке жеткен. Министрлик ичеги оорусу эң көп катталган аймак Баткен жана Талас облусу экенин белгиледи.