Борбор шаарда улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө арналган фестиваль өтөт

Борбор шаарда улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө арналган “Күн желеси” аттуу фестиваль бүгүн, 4-апрелде №26-мектеп гимназиясында өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, кечеде аталган мектептин 9-11-класстагы окуучулары өз өнөрлөрүн тартууламакчы. Иш-чаранын максаты - өлкөдөгү ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке чакыруу экени айтылды. Эске салсак, аталган фестиваль 5-ирет өткөнү турат. Жыл сайын фестивалга катышкан ондогон улуттун өкүлдөрү бири-бири менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан