Жаштар министрлиги 35 түгөйдүн үйлөнүү тоюн өткөрүп берди
10-ноябрь - Жаштар күнүнө карата Жаштар министрлиги тарабынан уюштурулган үйлөнүү той учурда Сүйүү сейил багында уланууда. Борбордук мечиттен нике кыйдыртып, мыйзамдуу нике күбөлүгүн алуу үчүн жаш жубайлар Бакыт үйүнө келишти. Андан соң Өчпөс отко бет алышты. Кошумчалай кетсек, бардык жаш жубайлардын үлпөт кийимдери окшош тигилген. Дизайны белгилүү стилист Замира Молдошевага таандык.