Учурда Америка Кошмо Штаттарында футбол боюнча "Америка Кубогу-2016" мелдеши өтүп жатат. 16 команданын катышуусундагы мелдеш учурда жарым финалдык баскычка жетти. Жарым финалга АКШ, Аргентина, Колумбия жана Чили курамалары чыкты.
Бул сүрөт Аргентина курамасынын кийим которуучу жайында тартылган. Месси баштаган аргентиналыктар жарым финалга чыкканын шампан аттырып, шаң менен белгилегендин ордуна телефонго үңүлүшкөн. Муну Эсекьель Лавесси сүрөткө түшүрүп алган.
Чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы:
АКШ-Эквадор - 2:1
Перу-Колумбия - 0:0 (пенальтиден - 2:4)
Аргентина-Венесуэла - 4:1
Мексика-Чили - 0:7
Жарым финалдык беттештер:
22-июнь. АКШ-Аргентина
23-июнь. Колумбия-Чили