SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасында бул жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Эржан Раимбеков жумуш учурунда эсте калган окуялары менен бөлүшөт.
Эржан Раимбеков И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин техносфералык коопсуздугу багыты боюнча жогорку билим алган. Азыркы учурда ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 86123 аскер бөлүгүнүн 2-куткаруу (“Эдельвейс") кошуунунун 1-издеп куткаруу тобунун командири кызматын аркалап келет.
Эсиңиздерде болсо, былтыр Түркияда жер титирөө катталганда кыргыз куткаруучулары барып издөө-куткаруу иштеринде жардам көрсөтүп келген. Алардын арасында Раимбеков дагы бар болчу. Ал ошол кездеги күндөрүн эске салып, кубанычы, өкүнгөн учурларын мындайча айтып берди.
"Каза болгон аялдын ити жолотпой..."
- Түрк тилин билгендигим үчүн Түркияга бара турган кыргыз куткаруучуларынан арасына кошулуп калдым. Былтыр 7-февралга караган түнү Түркияга учуп кеттик. Ал жакка барганда учактын каттамдары өзгөрүлүп, эл дүрбөлөңгө түшүп жаткан экен. Биз Кахранмарашка бардык. Анда биздин куткаруу иштеринде колдоно турган шаймандарыбыздын баары башка каттам менен Газантепке кетип калыптыр. Аэропортто шаймандарыбызды көпкө күтүп калдык. Ошентип алгачкы куткаруу иштерибиз башталды...
Кахранмарашта жалаң 9-10 кабат болгон бийик үйлөр курулган экен. Кулап, кыйшыйып калган үйлөрдү көрө баштадык. Ал жерден команда топторго бөлүнүп, ишти баштап калдык. Урандыларды алып баштаганыбызда улгайган аялдын жансыз денеси чыкты. Муну көргөн куткаруучуларга дагы оңой болгон жок. Аялдын сөөгүн алып чыктык. Жанында кичинекей ити бар экен. Ити үрүп, аялдын жансыз денесине жолотпой. Андан кийин аны "Тез жардам" кызматына өткөрүп бергенбиз.
"Көзүбүзгө жаш алып, аябай жаман болдук"
- Кыргыз куткаруучулары ал жерде эки нөөмөт менен иштеп жатты. Бир бала жаныбызга келип "жер төлөөдө карындашым менен иним бар эле" деп айтып калды. Аракет кылып жатып ал жерге жеттик. Тилекке каршы, ал баланын карындашы менен инисин аман куткара алган жокпуз. Жер төлөөдө суунун деңгээли көтөрүлүп кетиптир. Жаш экен экөө тең. Жансыз денелерин карасак эч нерсе болгон эмес, жакшынакай бойдон. Аларды туугандарына өткөрүп берип жатканда көзүбүзгө жаш алып, аябай жаман болдук. Биздин алдыбызда эле көз жумгандай сезилди да. Балким, бир аз эрте болсо аман алып калат белек деген ой дагы келди.
"Өспүрүм баланы куткарганда..."
- Өзүбүзгө бөлүнгөн объектте иштеп жатканбыз. Ал жерде адам бар деп калышты. Уранды бетондор түшүп кетпесин деп аракет кылып иштеп жаттык. Ошол жерден өспүрүм баланы аман чыгардык. Андан курсагың токпу деп сурасак ал "тойгузуп атты" деп жооп берди. Ошол учурларды көрүп таң калдык.
Экинчи адамды аман-эсен куткарып калган учур кечки нөөмөттө иштеп жатканда болгон. Анда орусиялык кесиптештерибиз менен иш алып баратканбыз. Ошол жерден дагы бизге белги берилди. Тирүү адам бар деген. Дароо куткаруу иштерин баштап калганбыз. Ал жерде улгайган киши экен. Денеси кыпчылып, кичинекей мейкиндикте калыптыр. Куткаруу иштери көпкө созулду. Ал киши үмүтүн үзүп койгон экен. Аны аман чыгарганыбызга сүйүнүп, бир адамдын өмүрүн сактап калганыбызга сыймыктандык.
Түркияда куткаруу иштерин жүргүзгөндө коңшу өлкөлүк кесиптештерибиз биздин ишибизге жогору баа берип, гумандуу иш алып барат экенсиңер деп атышты.
"Бири-бирин куткарам деп 3 адам ууланып калган"
- Былтыр жайында суткалык нөөмөттө турганбыз. Бизге Чүйдөгү Александровка айылында бир үйдүн короосундагы кудукка киши түшүп кетти деген билдирүү түштү. Айтылган дарекке жетип бардык. Барып ойго келбеген жагдайга туш болдук. Себеби кадимки эле кудук казып суу чыгара турган эле жер экен. Ошол жерде кудук казып жатканда газ чыгып кетип тургун ууланып калат. Анын артынан куткарам деп дагы бири түшүп, ал дагы ууланып калыптыр. Аларды көрүп үчүнчү түшүп, ал да ууланыптыр. Бири-бирин куткарам деп арты-артынан жабыр тартып калышкан. Аларды "Тез жардам" кызматы алып кетти. Биз кудукту текшерип, өз кызматыбызга кайтканбыз.
"Унаамдын тормозу иштебей калып..."
- Биз айрым учурда жол кырсыктары катталган учурда дагы чыгып калабыз. Буга байланыштуу бир окуяны кошо айта кетейин. Бизде жол кырсыгы катталса эле эки тарапты же бир тарапты күнөөлөй беребиз да. Өзүмдүн унаам бузулуп, оңдоочу жайга алып барсам аны ондоочу жерин алмаштырып, тормоздун шлангын кармай турган жерин карматпай коюптур. Аны билбей эле айдап жүрөм. Кечинде жумуштан келе жаткам, шаарга жетип эле тормозду бассам ал жок. Унаам механика болгону үчүн сцеплениени 3, 2ге басып атып токтотуп калдым. Ойлоп калдым алдымдан КамАЗ же жаш бала чыгып калса эмне болмок деп. Бул усталардын шаалакылыгынан боло турган нерсе.
Эржан Раимбеков куткаруучу болуп эл кызматында жүргөнүнө сыймыктанарын, үй-бүлөсү дагы анын кызматын колдоп турарын айтып өттү.