Эми санитардык-гигиеналык эрежелерди бузууда административдик жоопкерчиликтин жана айып акылардын көлөмү жогорулайт

Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду. Мыйзам эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоодо жана айлана-чөйрөнүн санитардык-экологиялык абалын жакшыртууда укук жоопкерчилигин камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле аталган мыйзам сейил бактарда, пансионаттарда, курорттордо жана башка эс алуу жайларында санитардык-гигиеналык эрежелерди бузууда административдик жоопкерчиликтин жана айып акылардын көлөмүн жогорулатууну карайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан