Кечээ, 4-апрелде Бишкекте өткөн КВНдин Аймактык Лигасынын “Ала-Тоо” фестивалы болуп өттү. Ага бардыгы болуп 12 команда катышты, айта кетсек, Кыргызстандан 7, Казакстандан 4 жана Тажикстандан 1 команда. Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн Бишкектин мектеп окуучуларынан куралган “Школьная лига” командасы жеңүүчү болду. 2-орунга “Бишкек”, “Triple”, “Азия Микс” жана тажиктердин “ТАДЖмахал” командасы татыктуу болду.