Быйыл Таш-Көмүр шаарындагы темир заводу ишке кирет

4-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын Индустрия жана жаңы технологиялар министрлигинин жана POSCO компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы темир заводунун курулуш-монтаждоо жумуштарынын аякташы жана заводду ишке киргизүү маселеси талкууланды. Инвесторлор быйыл заводдун 1-меши ишке киргизилерин билдиришти. Алгач өндүрүлгөн продукциянын көлөмү ай сайын 800 тоннаны түзүп турат. Завод толук ишке киргизилген соң өндүрүмдүн жылдык көлөмү 65 миң тоннага чейин жетет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан