Талас. Күйүүчү май кымбаттоо коркунучунда

Талас облустук нефти базасына Маймак темир жолу аркылуу күйүүчү май ташылбай калгандыгына байланыштуу нефти базадагылар күйүүчү майды ашуу аркылуу цистерна менен ташып келип жатышкан. Азыркы учурда ашууга кар түшкөндүгүнөн улам келген машиналар кайра кете албай жатат. Темир жол аркылуу алып келинген күйүүчү май транспорт менен ташылганга караганда арзан болору маалым. Талас облусу боюнча бир күндө керектелүүчү күйүүчү май 100 тонна. Мурда күйүүчү майдын АИ 92 үлгүсүндөгүсү 36 сом 20 тыйындан болсо, азыр 37 сом 40 тыйын, ал эми АИ 80 мурда 31 сом 20 тыйындан сатылса, учурда 32 сом 40 тыйындан сатыкка чыгууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан