“Кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү: 19-20-кылымдагы жыгачтан жана булгаарыдан жасалган буюмдар”. Ушундай аталыштагы көргөзмө 11-апрелде Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде өтөт. Маалым болгондой, иш-чарага аталган музейдин өздүк архивиндеги сүрөттөр, этнографиялык даректүү материалдар коюлмакчы. Иш-чара саат 14:00дө башталат.