Талас. Огонбаев айылында куураган чамындыларды күйгүзүүдөн өрт чыкты

Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Тилек Рыспеков маалымдагандай, 12-ноябрда саат 15:50дө Таластагы №17-өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө Талас районуна караштуу А.Огонбаев айылынын Кукеев көчөсүндө өрт коркунучу чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам даярдалган 4 адамдан турган топ жетип барганда өрт ошол жердеги жашоочулардын жардамы менен өчүрүлгөн. Өрттөн 3 түк чөптөн башка зыян тартуулар катталган жок. Үй ээси Алакаевдин айтымында, өрт куураган чамындыларды күйгүзүп жок кылуудан улам келип чыккан.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан