Кыргызстандын Президенти Алмазбек
Атамбаев «КРда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү
жөнүндө»
мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү
тууралуу» мыйзамга кол
койду.
Аталган мыйзам 2012-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан
кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты – мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча саясатты иштеп
чыгуудагы жана мамлекеттик мүлктү башкаруудагы мамлекеттик органдардын ыйгарым
укуктарын тактап-чектөө.