5-апрелде Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Кыргызстан сулуусу-2013” сынагы өтүп, анда Гүлнара Жаныбекова аттуу сулуу жеңүүчү болду. Ал эми "1-вице-мисс" наамына Айдана Назарова татыктуу болсо, "2-вице-мисс" наамын Алина Фларова аттуу сулуу багынтты. Айта кетсек, 40 сулуу катышкан сынак "Коктейль көйнөктөр”, “Спорттук кийим”, “Улуттук көйнөктөр” жана “Кече көйнөктөр” деген баскычтардан турду. Ал эми калыстар тобунун курамы “Сулуулук жана Модель” фестивалынын уюштуруу комитетинин мүчөсү Ксения Минькова, Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгрессинин тең төрагасы Замир Хусейнов, Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Амина Юсурова, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Данияр Казаковдон түзүлдү. Жеңүүчү болгон Гүлнара Жаныбекова “Кыргызстандын 2013-жылдагы Ханышасы” наамын алып, 25-майда Бишкекте өтө турган “Сулуулук жана Модель” аттуу эл аралык фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алды. Мындан сырткары ага Испанияда 2 апта эс алып келүүгө жолдомо берилди. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, "Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева аталган сынактын алып баруучусу болду. “Жеңүүчү эң туура жана калыс тандалды. Биз буга чейин эле даярдоо күндөрүндө кайсы кыз кандай экенин билип койгонбуз. Ал эми мен биринчи жолу мындай кечеде алып баруучулук кылып жатам. Мен үчүн мындай чоң иш-чараны жетектеш сыймык болду”,- дейт ал.
Сүрөттө:
1. "Кыргызстан сулуусу-2013" Гүлнара Жаныбекова (ортодо), "1-вице-мисс" наамынын ээси Айдана Назарова (сол жакта) жана "2-вице-мисс" аталган Алина Фларова (оң жакта).
12. "Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева.