Асыл тукум ит асыроочулардын жаңы эксперименти ишке ашып, жыйынтыгында дүйнөдө жаңы порода пайда болду. Сүрөттөрдөгү бир караганда ойноок түлкүнү элестеткен кичинекей иттин аты - Майя. Ал иттердин шпиц жана хаски породасынан алынган гибрид.
Жаңы породадагы Майя Түштүк Флоридада жашайт жана өзүнүн кожоюну менен башка штаттарга дайыма саякатка чыгат. Учурда көгүш көздүү, сүйкүмдүү Майя интернет жылдызына айланган.