SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Президенттин "Судьбе назло" ырын Кайрат Примбердиев ырдап чыкты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Учурда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин аткаруусундагы ырлар интернет ааламында кызуу талкууга алынып, популярдуу болууда. Президенттин гитара менен ырдаган "Судьбе назло" ыры эми белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевдин аткаруусунда интернетке чыкты.
"Квартира №5" долбоорунун музыкант жигиттери "Судьбе назло" ырынын сөзүн, обонун жактырышып, ырчы менен биргеликте аткарып көрүүнү чечишкен. "Биздин жеңил колдон ыр эл арасына тарайт деп ишенебиз" деп жазышкан аталган долбоордун жигиттери ыр тууралуу.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.