Жыргалбек Саматов депутаттык мандатынан ажыратылды

Бүгүн, 8-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жыргалбек Саматовду депутаттык мандатынан ажыратты.

КРнын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү Орусиянын Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен билдиришкендей, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматов 2001-жылдын июль айында Казань шаарында Орусиянын жарандыгын алган. "Жыргалбек Саматов Орусиянын Федералдык миграция кызматынын мекемелерине орусиялык жарандуулуктан чыгуу боюнча арыз менен кайрылган эмес", - дешти Башкы прокуратуранын өкүлдөрү.

Эскерте кетсек, Ж.Саматов 2015-жылдын декабрь айынын башында депутаттык мандат алып, Жогорку Кеңеште ант берер алдында БШК мандатты кайра кайтарып алган. Муну комиссия мүчөлөрү: "Орусиянын жараны эместиги тууралуу Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык", - деп билдиришкен.

Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын 24-декабрында Саматовду мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. Башкача айтканда, райондук сот "Саматов Орусиянын жараны эмес" деп чечим чыгарган. Ошентип, ага кайрадан мандат берилип, депутат болгон. Бирок "Республика-Ата Журт" фракциясы аны фракциянын курамынан чыгарып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан