"Курманжан датка" тасмасын аягына чыгаруу үчүн бюджеттен кошумча 30 миллион сом бөлүнөт
“Курманжан датка” толук метраждуу көркөм тасмасын аягына чыгаруу үчүн
бюджеттен кошумча 30 миллион сом бөлүнөт. Мындай чечим бүгүн, 8-апрелде ЖКнын Бюджет
жана финансы боюнча комитетинде кабыл алынганын ЖКнын басма сөз кызматы
билдирет. “Биздин алдыбызда эл аралык деңгээлге чыгып, ар кандай
кароо-сынактарга катыша ала тургандай фильм тартуу милдети турат. Бул фильм
өзүн каражат жагынан актай алабы, азыр айтыш кыйын, Кыргызстанда кинопрокат
тутумунун 30 пайызы гана иштейт. Бирок тарбия жагынан кыргыз элине, анын
келечек муунуна кызмат өтөй турганына толук ишеним бар”,- деди тасманын режиссёру
Садык Шер-Нияз.
Мындан сырткары депутаттар кинодон үзүндүлөрдү көрүп чыгып, аны жактырышкандыгын
билдирүү менен, идеологиялык тарбиясы бар иш үчүн каражатты аябоого чакырды.