11-18-апрель күндөрү Бишкектеги “163-үй” студиясында белгилүү кыргыз режиссёрлору жаш режиссёрлорго акысыз мастер-класстарды өткөрүшөт. 11-апрелде саат 12:00дөн 14:00гө чейин режиссёр Эрнест Абдыжапаров коммерциялык тасмалардын тартылышы тууралуу кенен маалымат берет. Ал эми 18-апрелде саат 18:00дөн 21:00гө чейин режиссёр Темир Бирназаров “Автордук кино деген эмне?” деген аталышта мастер-класс өтүп, анда Иран өлкөсү тарткан “Алчанын даамы” тасмасынын тегерегинде сөз болот. Иш-чарага бардык каалоочулар катышса болот.