7-апрель күнү Москва шаарында спорттук бий боюнча “Танцфорум-2013” аттуу эл аралык мелдеши аяктап, анда кыргызстандык бийчилер коло медаль алышты. Мекендештерибиз Давид Саламау менен Ксения Тетерова мелдештин Rising Star түрү боюнча ат салышып, 2-орунду ээледи. Айта кетсек, бул спорттук иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Украина, Дания, Таиланд өлкөлөрүнүн спорттук бийчилери катышты.