КРнын Чек ара кызматкери Сочиде өткөн аскердик ырлардын сынагында 1-орунду алды

Орусиянын Сочи шаарында 3-7-апрель күндөрү "Ишеним үчүн! Ата Мекен үчүн! Сүйүү үчүн!"аттуу аскердик ырлардын эл аралык сынагы өттү. Бул иш-чарага биринчи жолу Кыргызстандын атынан да өкүл катышты. Айта кетсек, Чек ара кызматынын сержанты Аксайбек Мукамбет уулу “Кесипкөй авторлордун ырларын аткаруу” багыты боюнча 1-орунду алды. Ага “Фестивалдын 1-даражадагы лауреаты” наамы ыйгарылды. Бул сынак быйылкы жылды кошкондо 16-жолу өткөрүлдү, ага КМШ өлкөлөрүндөгү Чек ара кызматкерлери катышып келет.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан