Ырчы Кенже Дүйшееванын “Тумарым” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү Сейит Жээнбаевге, обону Фархат Юлдашевге таандык. “2-3 жыл мурун эле ырдын обонун угуп, аябай жактырып калгам. Быйыл ошол обонго ыр чыгарууну чечип, минтип даяр болуп калды. Негизи менин репертуарымдагы ырлар шаңдуу, бактылуулукту чагылдырган ырлар экен. А бул болсо кайгылуу болуп өзгөчөлөнүп турат”,- дейт ырчы айым. Айта кетсек, жакын арада бул ырга клип тартылып, анда "Жебе" тобундагы Кумар да роль жаратат.