ЖЫЛНААМА, 21-ИЮЛЬ: 8 жыл мурун СССРдин Эл артисти, дирижёр Асанкан Жумакматов көз жумган

8 жыл мурун, тактап айтканда, 2008-жылы 21-июлда СССРдин Эл артисти, дирижёр Асанкан Жумакматов көз жумган. Кезинде Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру болуп эмгектенген Жумакматов ал кезде 85 жашта эле.

Асанкан Жумакматов Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата айылында болуштун үй-бүлөсүндө туулган. 1928-жылы жазында Асанкан Жумакматовдун атасын бай-манап катары камакка алып, Сибирге айдашкан. Ал эми Асанкан Жумакматов энеси жана бир тууган агасы менен Украинага көчүрүлүп, ал жерде балдар үйүнүн өздүк чыгармачылык оркестринде музыка менен алектене баштаган. 1938-жылы Асанкан Жумакматов мекенине кайтып келип, педагогикалык техникумдун даярдоо бөлүмүнө кирген.
Согуш чыккан жылдын аягында А.Жумакматов Кызыл Армиянын катарына өз ыктыяры менен кеткен. Сталинград салгылашуусуна катышып, сол ийининен оор жаракат алып, 1944-жылдын аягында мекенине кайткан. Ал Кызыл Жылдыз жана I даражадагы Улуу Ата Мекендик согуштун ордендери, "Германияны жеңгендиги үчүн", "Сталинградды коргогондугу үчүн" Жуков атындагы медалдар менен сыйланган.
1945-жылдын сентябрынан баштап ал Москвадагы Чайковский атындагы Мамлекеттик консерваториянын дирижёрдук, андан кийин опера-симфониялык дирижёрдук факультетинде окуган. Консерваторияны аяктаган соң өз мекенине кайтып, Кыргыз опера жана балет театрынын башкы дирижёру болуп дайындалган. Жаш болсо да таланты менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон ал 1958-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун экинчи декадасын жетектейт. Андан сырткары жыл сайын дүйнөлүк масштабдагы таанымал солист-вокалисттер менен бирге көптөгөн концерттик программаларды даярдоого үлгүрөт. Анын дирижёрдук өмүрү Кыргыз улуттук опера жана балет театры менен жарым кылымдан ашуун мезгилге байланган. Ал Прокофьевдин "Ромео менен Жульетта", Вердинин "Аида", Мусоргскийдин "Борис Годунов", Пуччининин "Кусалык", Власов, Малдыбаев жана Ференин "Токтогул", Раухвергердин "Жамийла" жана башка көптөгөн чыгармаларын оркестрге салган.
А.Жумакматовдун кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүшүнө кошкон салымы баа жеткис. Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу жана III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору болгон. Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50гө чукул опера жана балеттердин музыкаларын оркестрлештирген. 1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижёр болуп иштеп келген.

21-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан